А.Атамбаев: "Улуттук маданиятты, дөөлөттөрдү барктай билели"
Новость photo: president.kg

Кезинде ата-энеси татыктуу тарбия бере албаган бала - бой жеткенде эле алды-жуттум эмес, коррупцияга аралашпаган жаран боло калуусу - кыйын. Андай адамды мыйзам алдындагы жоопкерчилик эле токтотуп коё албайт. Анткени, көөдөнү бош.

Ошондуктан, ылай суунун агымын тазалабай, булактын көзүн тазалоо керек. “Баланы - башынан” демекчи, жаштайынан бийик адеп-ахлакка, маданиятка сугарылган бала гана - ИНСАН деген атка татыйт.

MEDIA1RIGHT

Анткени, маданият эч качан адамга карап ээрчибейт. Тескерисинче, ага жогору жактан багыт берет. Дал ушул маданият деген нерсе - керек болсо, элдерди бириктирүүнүн куралы. А маданиятсыз саясат - тескерисинче элди бөлүп жарууга алып барарын билебиз. Дал ошол маданияттан куру жалак саясат болгон жерден чыгат, “Заманың бөрү болсо - бөрү бол” дегендер...

Бул жумада президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү Кеңешинин биринчи отуруму болуп өттү. Мында көп убакыттан бери экинчи планга түшүп калгансыган, бирок, маанилүү бир топ маселелер көтөрүлдү. Кененирээк Тариель Чуңгуловдун материалында: