Залина Касымова эл аралык сынакта кыргыздын желегин желбиретти
Новость

Кыргыз улуттук аспабын күүгө келтирип, калың журтка кыяк өнөрүн тартуулаган таланттуу аткаруучу Залина Касымова эл аралык сынакта кыргыздын желегин желбиретти.

Сынак Москва шаарында “КМШ өлкөлөрүнүн кубогу” аталышында өтүп, кыл кыячы кыргыз кызы 2-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, уюштурулган эл аралык сынактын максаты КМШ өлкөлөрүндө таланттарды аныктоо жана элге таанытуу.