ШКУнун саммитине байланыштуу Бишкекте коопсуздук чаралары күчөтүлдү
Новость

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммитине байланыштуу Бишкекте коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 

31-октябрда киргизилген мындай эреже 8-ноябрга чейин уланат. Ички иштер министрлиги маанилүү объектилерди кайтарууга алуу жана чет өлкөлүк өкүлдөр өтчү жолдорду даярдоо максатында комплекстүү жумуштарды аткарууга киришти.

 Бишкекте саммит 3-ноябрда өтөт. Андан бир күн мурун Кытай Мамлекеттик кеңешинин премьеринин расмий сапары башталат. 

Бишкеке расмий иш-сапары менен келүүчү Кытай өкмөт башчысы Ли Кэцян Президент Алмазбек Атамбаев жана Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбековго жолугуп бир катар документтерге кол коюлаары күтүлуп жатат. Мындан улам жол кыймылына чектөө киргизилери да эскертилди. Коопсуздукту камсыздоого жалпы 3 миңден ашуун милиция тартылган.