Бүгүн Транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы
Новость

Транспорт жана жол чарба кызматкерлери кесиптик майрамын белгилөөдө. Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө стратегиялык маанидеги жолдор салынып жатат.  POST1RIGHT

Эскерте кетсек, акыркы жылдары автомобиль жолдорун курууга жана реконструкциялоого миллиарддаган каражаттар жумшалып жатат. Эксперттердин айтымында, Кыргызстанда каттам салууга көңүл буруу бул - өлкөнүн транзиттик мамлекетке айлануусуна өбөлгө болот. Жолдорду куруу, оңдоо иштери Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында дагы каралган.