Бишкекте спорттук күрөш боюнча эл аралык мелдеш старт алат
Новость

Бүгүн, Бишкекте спорттук күрөш боюнча (UWW) рейтингдик мелдеш башталат.

Турнир Бишкек аренасында өтөт.

Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшүнүн өкүлдөрү күрөшөт. Жалпы 7 комплект медаль ойнотулат. Кыргызстандын атынан 15 спортчу килем үстүнө чыгат.

Беттештерди КТРК Спорт телеканалынан түз эфирде көрө аласыздар!