Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуудагы тоннелине видеокамералар орнотулду
Новость

Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуудагы тоннелине видеокамералар орнотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Жабдуулардын жардамы менен жол кыймылы,аба-ырайы онлайн аркылуу байкоого алынат. Жүргүнчүлөр үчүн сапарга аттанаардын алдында жолдогу абал менен алдын-ала таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.