Ошто Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 31 жылдыгы белгиленди
Новость

Ошто Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 31 жылдыгы белгилендиБүгүн, С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 31 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Ага Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош гарнизонунун башчысы, генерал-майор Руслан Мукамбетов жана чек ара кызматынын аскер кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын алкагында курал-жарактардын көргөзмөсү уюштурулуп, куралдуу күчтөрүнүн кызматтык кийиминин жана атайын техникасынын үлгүлөрү көрсөтүлдү. Ошондой эле, күжүрмөн кызматы менен айырмаланган аскер кызматкерлерин сыйлоо аземи болуп, концерттик программа тартууланды.

М.Исаев жалпы аскер кызматкерлерин Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун жана Ош шаарынын мэриясынын атынан кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын чек аранын бүтүндүгүн бекемдөөгө жана сактоого кошкон баа жеткис салымын белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү 1992-жылдын 29-майында, Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин жарлыгы менен, Советтик Армиянын республика аймагына жайгаштырылган бөлүктөрү анын карамагына өткөндө, түзүлгөн. 1988-жылга чейин Кыргызстан Орто Азия аскер округунун курамында болгон. Бүгүнкү күндө 29-май Куралдуу күчтөрдүн күнү катары белгиленет.