Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, төрт жүз миң доллар пара алган топ аныкталды
Новость Кылмышка шектелген топтон алынган акча (УКМКнын басма сөз кызматы тараткан сүрөттөрдөн жасалган коллаж)

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшүндө, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, «Ч.Б.» аттуу КР жаранына кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүүнү убада кылып, андан 400 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алган укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин тобу аныкталганын бүгүн УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. 

 Аталган факты боюнча Аскердик прокуратура тарабынан КР КЖК 343-беренесинин 3-бөлүмүндө (өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча иш козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.

  2025-жылдын 24-июль күнү кылмыш ишинин алкагында «С.А.» аттуу КР жараны кармалып, ага опузалап пара талап кылууга жана пара алууга катышкандыгы боюнча айып тагылган. Мындан тышкары жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмышка УКМКнын мурдагы кызматкери «А.Э.» нин катыштыгы аныкталып, ал 130 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын кайтарып берүү учурунда кармалып, тиешелүү айыптар тагылды. Айыпталуучуларга карата Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. 

 Учурда кылмыштын бардык жагдайларын тактоо боюнча, ошондой эле аталган кылмыштуу топтун башка катышуучуларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы менен бардык күнөөлүү адамдардын аракеттерине укуктук баа берилет.