Жети-Өгүз районунун Чырак айылында жаңы таш майдалоочу ишкана ишке кирип, 10 адам туруктуу жумуш орду менен камсыз болду.
Ишкананын жетекчиси Дамир Эрмеевдин айтымында, Жети-Өгүз айыл өкмөтү ижарага 1 гектар жер бөлүп берген. 25 млн сомго курулган заводдун кубаттуулугу саатына 60 тонна болуп, үч түрдөгү инерттик материал чыгарат.
Учурда ишканага райондон жана Каракол шаарынан көп сандагы буюртмалар түшүүдө. Келерки жылы бетон заводу курулуп, кошумча жумуш орундарын түзүү пландалууда.
Маалыматка ылайык, акыркы алты ай ичинде Жети-Өгүз районунда 10дон ашуун ишкана ачылып, жергиликтүү тургундар иш менен камсыз болушкан.