Кыргызстан кайрадан Дүйнө чемпионатынын оюндарын кабыл алат
Новость

Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты кайра Кыргызстанда өтөт.

Бишкек үчүнчү дивизиондун (А тобу) командалары арасында оюндарды өткөрөрү кабарланды.

Бул тайпада жалпысынан 6 команда ойнойт — Мексика, Түркмөнстан, Түштүк Африка Республикасы, Таиланд жана Люксембург. Жеңүүчү экинчи дивизиондогу топко (Б тайпасы) кирүү укугун алат.

Оюндар 2024-жылы 10-16-мартта Бишкекте өтөт.

Бишкек буга чейин 2022-жылы төртүнчү дивизиондун оюндарын өткөргөн. Анда Кыргызстандын курама командасы 1-орунду ээлеген. Натыйжада үчүнчү дивизионго (в тобу) чыкты.

Бишкек уже принимал игры четвертого дивизиона в 2022 году. Тогда сборная Кыргызстана заняла 1 место в вышла в третий дивизион (группа В).

Ушул жылдын февраль айында Кыргызстандын курама командасы Босния жана Герцеговинада өткөн үчүнчү дивизиондун (в тобу) командаларынын арасында жеңүүчү аталып, А тайпасына жолдомо утуп алган.