Кыргызстан Азия кубогунун тандап алуу раундунун оюндарын өткөрөт
Новость

Кыргызстан футзал боюнча Азия кубогунун тандоо турун кабыл алат.

Квалификациялык турдун чучу кулагы 22-июнда өтөт.

Финалдык стадия үчүн 31 команда күч сынашат. Аларды 8 тайпага бөлөт. Тандоо раундунун беттештерине Бахрейн, Кытайлык Тайбей, Индонезия, Кыргызстан, Монголия, Тажикстан жана Өзбекстан катышат.

Кыргызстан 2022-жылы дагы тандоо турунун оюндарын кабыл алган, бирок тайпада 3-орунду ээлеп, финалдык бөлүккө чыга алган эмес.