Боксчулар Кроуфорд менен Спенстин беттеши качан болот?
Новость

Жарым орто салмактын чемпиондору Эррол Спенс жана Теренс Кроуфорд 29 июлда абсолюттук чемпиондук үчүн күч сынашат. 

Беттеш Лас-Вегас шаарынын T-Mobile аренасында өтөт.

Мындан мурун мушкерлер сегиз сандуу гонорар алары белгилүү болду. Ошондой эле, утулган тарап 30 күндүн ичинде кайра реванш талап кылганга мүмкүнчүлүк алат.