Бивол Бишкекке келет
Новость

Белгилүү боксчу Дмитрий Бивол Бишкекке келет.

Маалым болгондой, ал СССРдин спорт чебери, КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Адылкан Бекболотовдун жаркын элесине арналган турнирдин ардактуу коногу болот.

31-майдан 3-июнга чейин Спорт Ордосунда өспүрүмдөр арасында Бишкек шаарынын биринчилиги өтөт. Медаль үчүн 2009-2010-жылы туулган спортчулар күч сынашат.