Дарыгерлер мыйзамсыз медициналык борбордо дарыланып жаткан бейтаптарды мамлекеттик ооруканаларга которуу аракетинен майнап чыккан жок.
Өз алдынча медициналык борбор ачып, онкологиялык илдеттерден жабыркагандарды дарылаган табып Ашым Зайналиевдин борборунда учурда абалы оор делген 16 оорулуу адам бар. POST1RIGHT
Ал эми милиция тарабынан табып Зайналиевге каршы кылмыш иши ачылып, тергөө иштери башталды.
Зайналиев бейтаптарды дарылоого лицензиясы жана медициналык билими жоктугун мойнуна алган.
Мыйзамсыз медициналык борбордо жай айында 56 жаштагы аял көз жумгандан кийин кызы дарылоо жүргүзгөн адамды айыптан чыгып бул борбор тууралуу маалымат ачыкталган. Учурда Занзалиев кандай дарыларды колдонот жана ишмердүүлүгү иликтене баштады.