Немат Абдрашитов Brave CF уюмунун чемпиондук куру үчүн беттешет
Новость

Кыргызстандык мушкер Немат Абдрашитов Brave CF уюмунун чемпиондук куру үчүн беттешет.

Беттеш 23-июнда Бахрейнде Brave CF 72 турниринин алкагында орун алып, кыргызстандык спортчунун атаандашы (65,8 кг чейин) учурдагы чемпион орусиялык Роман Богатов болмокчу.

Абдрашитов уюмдун алкагында 3 беттеш өткөрүп, баарын нокаут менен жеңген.