"Сүтак" фильмине "Ника" сыйлыгы ыйгарылды
Новость

“Сүтак” фильмин тарткан чыгармачыл топко Россиянын киноискусство академиясынын “Ника” сыйлыгы ыйгарылды. POST1RIGHT

Муну Бишкекте өтүп жаткан КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XI - форумунун алкагында, Орусия президентинин эл аралык маданий кызматташуу боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой тапшырды. 

Михаил Швыдкой - фильмди тарткандар анын сүйүктүү кинематографисттери экендигин айтып, ыраазычылыгын билдирди. Салтанаттын акырында “Сүтак” фильми көрсөтүлдү.