Анарбек Ишенбаев Кувейтте өткөн дзюдо боюнча Азия кубогунда алтын медаль тагынды
Новость

Кыргызстандык спортчу Анарбек Ишенбаев Кувейтте өткөн дзюдо боюнча Азия кубогунда алтын медаль тагынды.

Kuwait Asian Open-2023 турнири 28-29-апрель күндөрү өттү.

Ишенбаев 90 кг ченде күч сынашып, өз жолун 1/4 финалдан баштаган.

Кыргызстандык дзюдочу үч жолу катары менен жеңишке жетип, турнирдин жеңүүчүсү аталды. Финалдык беттеште Ишенбаев түркмөнстандык спортчу Мамедалы Ачилдиевди жеңип алды.