COVID-19га каршы эмдөө – өлүмдүн алдын алуу
Новость

COVID-19га каршы эмдөөгө олуттуу кароо керек. Анткени коронавирусту вакцинасыз жеңүү мүмкүн эмес. Мындай маалымат Европалык эмдөө жумалыгынын алкагында уюштурулган иш-чарада айтылды. 

Маданий форматта өткөрүлгөн саамалыкка медицина кызматкерлери, жергиликтүү социалдык мобилизаторлор жана активисттер катышты. 

Иш-чара коомчулукка COVID-19га каршы эмдөөнүн маанилүүлүгүн, ошондой эле вакцина алгандардын мисалдары аркылуу коронавирустан сактануу тууралуу маалыматтарды жеткирүү макатында уюштурулган. Анда илдеттин алуу үчүн бир канча адам бустердик дозаны алышты. 

Эскерте кетсек, буга чейин дарыгерлер, социалдык мобилизаторлор жана активисттердн турган топтор Баткен, Чүй жана Жалал-Абад облустарында калктын COVID-19га каршы эмдөөгө боюнча маалымдуулугун жогорулатуу багытында иш жүргүзүштү.