Кыргызстанда 2-январдан 8-январга чейинки аралыкта COVID-19дун 6 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.
Бардык бейтаптар амбулатордук дарылануудан өтүүдө. Учурда Кыргызстандын бардык облусу "жашыл зонада".
Былтыр жана 2023-жылдын 9 күн аралыгында коронавирустук инфекциянын жалпы 21 миң 838 учуру катталган.