Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун Иммундоо боюнча эксперттердин стратегиялык кеңешүү тобу COVID-19 каршы эмдөө боюнча нускамасын жаңылады.
Уюмдун сайтында маалымдалгандай, SAGE "Омикрондун" таасирин жана инфекция жана эмдөө аркылуу калктын иммунитетинин жогорку деңгээлин чагылдыруу үчүн COVID-19 каршы вакциналарды пайдалануудагы артыкчылыктарды белгилөө боюнча жол картасын кайра карап чыккан.
Кайра каралган жол картасында коронавируска каршы эмдөөнүн артыкчылыктуу үч тобу көрсөтүлгөн: жогорку, орто жана төмөн. Жогорку артыкчылыктуу топко улгайган адамдар; кант диабети жана жүрөк оорулары бар жаштар; иммундук жетишсиздиги абалындагы адамдар анын ичинде 6 айдан жогору балдар, кош бойлуулар, медицина кызматкерлери кирет.
ДССУ бул топтогу адамдарга акыркы дозадан кийин 6 же 12 айдан соң бустердик вакцина алууну сунуштайт.
Орто артыкчылыктуу топко кошумча оорулары жок 50-60 жаштагы дени сак адамдар, ошондой эле кошумча оорулардан жабыркаган балдар жана өспүрүмдөр киришет. Бул топто баштапкы эмдөө жана бир жолку бустер гана талап кылынат. Кошумча бустердик вакциналар бул адамдарга сунушталбайт, бирок алар коопсуз. Төмөн артыкчылыктуу топко 6 айлыктан 17 жашка чейинки курактагы дени сак балдар жана өспүрүмдөр киришет.
ДССУ эксперттери белгилегендей, вакцина жана кошумча доза балдар үчүн коопсуз болгону менен, өлкөлөрдө эмдөө боюнча чечим «оорунун жүгү жана экономикалык натыйжалуулук» сыяктуу факторлорго негизделиши керек.