Калмира Билимбекова Түркияда өтчү эл аралык турнирге катышат
Новость

Кыргызстандын спортчулары Түркияда өтө турган эркин күрөш боюнча эл аралык турнирге катышат.

29-апрелден 4-майга чейин Анталияда 17 жана 20 жашка чейинки спортчулар арасында Victory Cup and Champions турнири өтөт.

Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын курамында улук машыктыруучулар Нурсултан Аскарбеков менен Билимбек Капарбековдун жетекчилиги астында 7 спортчу күч сынашат.