Төө-Ашуу ашуусунда жайкы дөңгөлөктөрүн чечпей жүргөн жүк ташуучу автоунаалар тыгындарды пайда кылууда. Дөңгөлөктөрдү орой турган атайын чынжыры жок машиналар ар кайсы жерде токтоп калып, тыгындардын узак убакытка созулуп кетишине себепкер болууда. POST1RIGHT
ӨКМ менен Транспорт жана коммуникация министрлиги мындан улам айдоочуларды дөңгөлөктөрдү кыш мезгилине ылайыктап алмаштырып, чынжыр алып жүрүүнү эскертүүдө. Бир күндө ашуудагы жолго 70 тоннага чейинки кум себилүүдө.