Алматыда өткөн жарым марафондо Айнуска Калил кызы жеңишке жетти
Новость

Кыргызстандык спортчу Айнуска Калил кызы Алматыда (Казакстан) өткөн жарым марафондо жеңүүчү аталды.

23-апрелде 21,1 км аралыкка жарыш өттү.

Кыргызстандык жөө күлүк марага 1 саат 15 мүнөт 51 секундда жетип, 1-орунду ээледи.

Ошондой эле, 60-69 жаштагы спортчулар арасында Толгонай Шааева 1-орунду ээледи. 30-39 жаш категориясында Бердигул Айтпай уулу 3-орунга жайгашты.

60-69 жаштагы спортчулар арасында 10 км аралыкка чуркоодо Талант Стамалиев 3-орунду ээледи.