Басмаканада өрттөн каза болгондордун жакындарына компенсация төлөндү
Новость

 Август айында Москвадагы "Печатный экспресс" басмаканасындагы өрттөн каза болгон мекендештерибиздин жакындарына басмакананын жетекчилиги компенсация төлөп берди.

POST1RIGHT  Мындай маалыматтарды орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматтар боюнча, типографиянын өкүлдөрү Кыргызстанга келип, каза болгон кыз-келиндердин жакындарына материалдык жана моралдык чыгымдарды төлөп кеткени айтылууда. 

Эскерте кетсек, 27-августта Москвадагы басмаканада өрт чыгып, 17 адам көз жумган. Анын 14ү кыргыз жарандары болгон.