Соттук экспертиза - адилеттикке жетүүнүн жолу
Новость www

Сот тутумун санариптештирүү соттук экспертизанын жыйынтыгын чыгаруунун мөөнөтүн тездетет. 

Мындай пикирлер азыркы шартта соттук иликтөөнүн теориясынын жана тажрыйбасынын актуалдуу маселелерине арналган конференциянын катышуучулары тарабынан айтылды. Анда “соттук-эксперттик иш жөнүндө” мыйзамга кирип жаткан өзгөртүү толуктоолор талкууга алынып, көз карандысыз же сапаттуу жүргүзүлгөн соттук экспертиза адилеттүүлүккө жетүүнүн бирден-бир куралы болоору белгиленди.