Акыркы жылдары билим берүү тармагына мамлекет тарабынан кам көрүү күч алды. Мугалимдердин айлыктары жогорулагандан бери бул тармакта иштейм деген жаштардын саны арбыды. Мектептер менен бала бакчалардын курулушу жанданды. 2020-жылдын соңунан баштап бүгүнкү күнгө чейин таза суу объектилерин кошкондо республика боюнча 255 имарат бүткөрүлүп, колдонууга берилген.
 www
                                                                                                                                                www
                                                                                                                                     
                                    
                                    
                                    
                                   