18-мартта өлкө боюнча ишембилик өтөт
Новость

Ушул ишембиде республика боюнча ишембилик болот. 

Социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын көрктөндүрүү максатында үстүбүздөгү жылдын 18-мартында өлкөнүн жогорку жетекчилигинин катышуусу менен республика боюнча ишембилик өткөрүлөт.

Иш-чарага бардык аймактарда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлери катышат.