Режиссер Нуржамал Дамирдин "Фрунзе" тасмасы Алматыдагы фестивалга катышат
Новость KTRK/videograp

Кыргызстандык режиссер Нуржамал Дамирдин "Фрунзе" тасмасы Алматыда өтө турган "Бастау" фестивалына катышмай болду. 

Бул тууралуу кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова билдирди. Эл аралык сынак 24-октябрда башталат. 

Студенттик тасмалардын VI фестивалынын алкагында "Фрунзе" тасмасынын көрсөтүлүшү 28-октябрга белгиленген. Фестивалдын жүрүшүндө студенттер үчүн белгилүү ишмерлерден мастер-класстар жана ар кандай иш-чаралар уюштурулат.