Жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
Новость

Жайыл районундагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. POST1RIGHT

Мындай аракет туруксуз аба- ырайына байланыштуу. Бишкек-Ош унаа жолунун 127-128-чакырымдарындагы кар борошосуна байланыштуу унаалардын каттамы оорлоду. Мындан улам министрлик алыскы жолго чыккан айдоочуларга жолго керектүү шаймандарды ала жүрүп,жайкы дөңгөлктөрдү кышкыга алмаштыруу керектигин эскертет.