Төө-Ашуудагы абал туруктуу
Новость

Төө-Ашуунун жолу улам тазаланып жатат, калган ашуулар ачык. POST1RIGHT

Бишкек - Ош унаа жолунун 127-128-чакырымындагы Төө-Ашууда жарандык коргонуу кызматтары иштеп, тазалоо жана кум себүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Кечээ жол жүргөндөр кечинде жана түнкүсүн бир нече саатка созулган тыгында калган. Алардын айтымында, тыгын жол кыймылы көзөмөлсүз калгандыктан жана ири унаалардын айынан жаралган.