Түркияга куткаруучулар жана боз үйлөр жөнөтүлдү
Новость www

Түркияга гуманитардык жардам катары көтөрүмдүүлүгү 25 тонналык учакка 75 даана боз үй жүктөлүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 50 куткаруучу жөнөп кетти. Дагы ушунча көлөм кийинки учак менен жиберилет. 

Куткаруучулардын арасында травматолог менен анестезиолог дарыгерлер да бар. Боз үйлөрдү орнотууга 8 киши бөлүнүп, кабыл алуучу өлкөдө атайын жер каралган.