Кыргызстан Түркияга дагы 100 куткаруучу, 100 боз үй жөнөтөт
Новость

Кыргызстандан Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетин жоюуга жардам көрсөтүү үчүн дагы 100 куткаруучу барат. Мамлекет башчынын тапшырмасы менен 100 боз үй, 20 жылууланган аскер чатыры жана мобилдүү ооруканага ылайыкталган 1 чатыр жөнөтүлөт. 

Мындан сырткары, гуманитардык учак менен тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи керектөөдөгү каражаттар жеткирилет. Ал эми зилзала болгон аймактардан Кыргызстандын жарандары эвакуацияланууда.