Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштери уланууда
Новость www

 Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашкандай, Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу уланууда.

Маалыматка ылайык, мэриянын жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Аламүдүн-1 кичирайону, 5/1 дарегиндеги чатырларды жана бетон блокторду демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө.

"0,26 га муниципалдык жер бошотулуп, кийин бул аймакта акысыз негизде унаа токтотуучу жайларды куруу пландаштырылууда", - деп белгилешти муниципалитеттен.