“Тазалык” ишканасы 29 бирдик атайын техника сатып алат
Новость www

 “Тазалык” муниципалдык ишканасы 29 бирдик атайын техника сатып алат. Бул тууралуу ишкананын башчысы Рамиз Алиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, техниканын 16-февралда жана 20-мартта келиши күтүлүүдө.

“Атайын техникалардын паркын кеңейтүү кызматкерлердин ишин жеңилдетип жана Бишкектен күнүнө 500 тоннага жакын таштанды чыгарууга мүмкүндүк берет”, - деди Рамиз Алиев.