Суук жетелей келген сасык тумоо Кыргызстандагы бардык мектептерди аралыктан окууга өткөрдү
Новость www

Жугуштуу оорулардын көрсөткүчү жогорку чекке жеткендиктен 16-декабрдан 24-декабрга чейин өлкө боюнча мектептер онлайн режиминде билим берүүгө өтүштү. Эгерде саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү буйругу чыкса мектептердеги карантин узартылышы мүмкүн. Бирок азырынча андай маалымат чыга элек. Илдетке кабылгандардын 70 пайызы 14 жашка чейинки балдар.