Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт
Новость www

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 6-декабрынан 8-декабрына чейин жаап жана күтүлүп жаткан карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-75-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусуна кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.