Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт
Новость

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жаан-чачын, карга байланыштуу 2-декабрда Кыргызстандын тоолуу райондорунда Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуу, Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Буга байланыштуу унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелүүгө тийиш экенин министрлик эскертет.