Кыргызстанда 21-27-ноябрга чейин 19 адам коронавируска кабылды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, илдетке кабылгандардын ичинен бешөө ооруканага жаткырылып, 14ү үй шартында дарыланууда. Ал эми 2022-жылдын 10 ай 27 күнүндө коронавирустун 21 миң 783 учуру катталган.