COVID-19: Табарсык ооруларынын пайда болуу коркунучу
Новость

Окленд университетинин окумуштуулары аныктагандай, COVID-19 табарсыктын сезгенүүлөрүн жана заараны кармай албай калуу ыктымалдыгын 2-3 эсеге арттырат. 

Изилдөөчүлөр 1 миң 895 медицина кызматкеринин маалыматтарын талдоонун негизинде ушундай жыйынтыкка келишкен. Окумуштуулар COVID-19 белгилери билинип жана билинбей өткөн бейтаптарда заара кармай албоого туш болуу коронавирус инфекциясына чалдыкбагандарга караганда 2 жана 3,2 эсе жогору экенин аныкташкан. 

Заараны кармай албоо - инфекциядан кийин пайда болгон белгилердин топтомунун бири жана адамдын жашоосун кыйла кыйындатат. Эмдөө гана COVID-19дун оор өтүшүн басаңдатып, постковиддик белгилердин өрчүү ыктымалдыгын азайтат.