Кыргызстанга COVID-19га каршы Moderna компаниясынын вакцинасы келди.
Иммундук алдын алуу республикалык борборунан билдиришкендей, 10 миң 800 доза вакцина өлкөгө өткөн жумада алып келинген жана учурда бардык аймактарга бөлүштүрүлдү.
Бишкек шаарындагы, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан эмделүүгө болот. Вакциналар Ош жана Баткен облустарына жеткирилет.
Moderna вакцинасын Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму тарабынан колдонууга уруксат берилген COVID-19га каршы вакциналардын кайсынысынан кийин болбосун бустердик доза катары колдонууга болот. Экинчиси да 4-6 айдан соң алынат. Биринчи кезекте бустердик дозаны улгайган адамдар, медицина кызматкерлери, кош бойлуу аялдар, өнөкөт оорулары бар жана иммунитети начар адамдар алууга тийиш.
Бул вакцина менен эмделүү анын компоненттеринин бирине аллергиясы бар адамдарга каршы көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күндө Кытайдын Sinopharm вакцинасы дагы бар.