Президент Алмазбек Атамбаев улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча Кеңешти түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Өлкө жетекчиси башында турган Кеңеш кыргызстандыктардын жаңы муунун тарбиялоо боюнча мамлекеттик мекемелердин жана жарандык коом институттарынын ишинин натыйжалуулугун арттыруу, маданий чөйрөдө мамлекеттик саясатты калыптандырууга жана ишке ашырууга чыгармачыл интеллигенция, коомчулук жана эксперттик жамааттардын өкүлдөрүн тартуу максатында түзүлдү.POST1RIGHT
Улуттук маданиятты сактоо, өнүктүрүү жана туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясынын тийиштүү жоболорун ишке ашыруу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу Кеңештин негизги милдети. Кеңештин курамына чыгармачыл интеллигенциянын, коомчулуктун, мамлекеттик мекемелердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кирди.
MEDIA1LEFT
Эске салсак, Президент койгон жарлыкка ылайык 2016-жыл "Тарых жана маданият жылы" деп жарыяланган. Кирип келген жыл тарыхый даталарга бай. Быйыл, Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгы, бүт түрк дүйнөсүнүн залкар ойчулу Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы майрамдалат.
Мындан тышкары мекенибиздин көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн Тайлак баатырдын 220 жылдыгы жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына арналган иш чараларга өзгөчө маани берилет.