Жаваншир Фейзиевдин "Түрк дүйнөсү" эмгеги кыргыз тилине которулду
Новость

Профессор, Азербайжан Межилисинин депутаты Жаваншир Фейзиевдин Түрк дүйнөсү эмгегинин бет ачаары болду. 

Китеп кыргыз тилинде 5 томдук болуп чыкты. Анда түрк цивилизациясынын негизги баалуулуктары, мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы тууралуу кенен баяндалган. 

Иш-чаранын катышуучулары бул кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын маданий-гуманитардык багытын бекемдейт деген пикирде.