Бажы кызматы планды аткара албай калдыбы?
Новость www

ЕАЭБдин ичинде айрым товарлардын бажы алымсыз өтүүсү, дүйнөдө орун алып жаткан ар кандай саясий окуялар өлкөдө бажы төлөмдөрүнүн аз чогулушуна негиз болду. Бул тууралуу Бажы кызматынын жетекчилиги билдирди. Мекеме 9 айлык планды 82 пайызга аткарган. Бирок, ошол эле убакта, аталган орган быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу көрсөткүчтү 2 эсеге көп пландаган.