COVID-19: Өнөкөт оорулары барларды дарылоо кыйын
Новость

Эки же андан ашык өнөкөт оорулары бар бейтаптарды постковиддик белгилерден дарылоо кыйынга турат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, эки же андан ашык өнөкөт оорулары бар бейтаптарда коронавирусту кайрадан жуктуруп алуу коркунучу жогору.

“Оорулардын жаңы учурлары көп кездешип, толук айыгып кете элек организмге жаңы соккуларды алабыз. Албетте, ал адаптациянын ого бетер бузулушуна жана бейтаптын ден соолугунун начарлашына алып келет. Кыйынчылыктар кайра пайда болот жана сөзсүз эле мурда болгон жерде эмес. Бул өзгөчө көп сандагы өнөкөт оорулары бар бейтаптарга тиешелүү. Эң көп жапа чеккендер дал ошолор, ошондуктан бүгүнкү күндө ковиддин бул кесепети коом үчүн эң чоң социалдык-экономикалык коркунучту жаратууда”, - деп айтылат маалыматта.