Кыргызстанда коронавируска каршы чаралар өтүп жатат
Новость

Кыргызстанда коронавируска карата иммуноглобулиндин бар-жогун изилдөөнүн 3-баскычы жүрүп жатат. 

Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, 31-октябрдан 4-ноябрга чейин ар кандай курактагы топтордо калктын SARS-CoV-2 вирусуна каршы туруштук берүү мүмкүнчүлүгүн изилдөө жүргүзүлүүдө. 

Изилдөө эпидемиянын жайылышын болжолдоо, инфекциядан кийинки иммундук узактык жана эмдөөнүн натыйжалуулугун баалоо, Кыргызстан калкынын арасында коронавирустук инфекция менен күрөшүү боюнча чараларды иштеп чыгуу максатында ишке ашырылууда. Ага 2021-жылдын июль айында изилдөөнүн биринчи баскычында текшерилген бардык 9469 адам кирген. 

3-баскычтын башкы максаты COVID-19 инфекциясынан айыккандан кийинки иммундук жооптун туруктуулугун жана анын ар бир адамдагы динамикасын, ошондой эле эмделгендерде вакцинадан кийинки антителаларды аныктоо болуп саналат.

Үчүнчү этапта мурда катышкан бардык ыктыярчылардан кан кайталап алынат жана катышуу толугу менен акысыз болот.