Маданият тармагынын мыктылары мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту
Новость www

Өлкөнүн маданият тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлер мамлекеттик сыйлыктарга ээ болду. 

Кесиптик майрамды утурлай Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов 300 дөн ашык кызматкерлерди куттуктап, маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси менен ардак грамоталарды тапшырды. Арасында алыскы аймактарда үзүрлүү эмгектенгендери да бар.