Коронавируска байланыштуу өзгөчө тартип алынды
Новость

Өлкөдө коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө тартип алынды. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. 

Көпчүлүк өлкөлөрдө анын ичинде Кыргызстанда эпидемиологиялык абал турукташып калганын жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Динагүл Оторбаева билдирди. 

Жүргүзүлүп турган мониторингдин негизинде 31-октябрда бир киши илдет жуктурса, өткөн аптада 53 кишиден аныкталган. Вирус жуктургандар ооруну жеңил өткөрүп, көпчүлүгү амбулатордук шартта дарыланууда. 

Пандемия убагында өлкөдө 200 миң 993 киши илдетти жуктурса, 2 миң 991 киши көз жумду. Адистердин айтымында коронавирус өткөөл вирустук оорулардын катарына кирип жатат. Эми ПЧР-тест дарыгердин сунуштамасынын негизинде гана тапшырылат.