Кыргызстанда өткөн аптада коронавирустун жаңы 53 учуру катталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, катталган учурлардын ичинен 14ү ооруканага жаткырылып, 39у үй шартында дарыланууда. 2022-жылдын 30-октябрына карата өлкөнүн бардык облусу “жашыл зонада” жайгашкан. Ал эми 2022-жылдын 9 ай 23 күнүнө карата коронавирустун 21 миң 704 учуру катталган.