Маданият жана маалымат, туризм министрлиги жыл жыйынтыгын чыгарды. Анда облустук, райондук телеканал жана гезиттердин деңгээли төмөндөп кеткени айтылды. Облустук каналдарга каражат бөлүнүп жана техникалык жабдуулары жаңыртылганы менен көрүүчүлөрдүн көңүлү толбой келет.
Көпчүлүк каналдар көркөм тасмаларды жана даяр материалдарды коюп коет. Министрдин орун басары Айнура Темирбекова Жалал-Абад облустук теле-компаниясын буга мисал катары келтирди. Темирбекованын айтымында, каналдын 30% директор Куттумидин Базаркуловдун көрсөтүүсү ээлейт. Бул боюнча ЖТРдин эфиринен жазылып алынган видео көрсөтүлдү.