Өлкөдө 27 социалдык объект курулуп бүттү
Новость

Бишкек менен Ош шаарларын эске албаганда жыл башынан бери өлкө аймактарында 27 социалдык объект курулуп бүттү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди. 

Мекеме жыл ичинде аткарылган иштери тууралуу маалымат берди. Курулуш жүргүзүү үчүн берилген лицензиялардын саны, эреже бузган компанияларга салынган айыптар боюнча да жыйынтык чыгарылды.